Казинодо Кыргызстандын бир дагы жараны ойнобойт.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдиргендей, кыргызстандыктарды ойноого уруксат берген компаниялар жабылат.
Ал кошумчалагандай, бул мыйзам долбоору туристтерди тартууга багытталат.
Эске салсак, Кыргызстанда 2012-жылы жабылган казинолорду кайра ачуу демилгесин Экономика министрлиги көтөрүп чыкты.
Муну менен бюджет жылына 2 миллиард сомго толукталаары айтылууда.