Коронавирусту эми ыкчам аныктаса болот.
Чет элдик уюм Кыргызстанга атайын жабдыктарды тапшырды.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, диагностикалык система 40 мүнөттө инфекцияны так изилдей алат.
Анализдин жыйынтыгын мурдагыдай 4-5 сааттап күтүү муктаждыгы болбойт.
Мындан тышкары, аппарат менен кургак учукту аныктоо боюнча тест жүргүзсө болот.
Тапшырылган жабдыктардын жалпы баасы болжол менен 6 миллион сомду түздү.