Гаитинин жашоочулары жол кире кымбаттаганына байланыштуу аэропортту талкалап салышты

Гаитинин жашоочулары жол кире кымбаттаганына байланыштуу аэропортту талкалап салышты.

Коомдук транспортто жол кире кымбатташы жана адам уурдоо Гаитиде массалык демонстрацияларды жаратты.

Шейшембидеги тополоң учурунда эл аэропортко кирип, имаратты талкалап, жеңил учакты өрттөп салышкан.

Ле-Ке шаарында полиция кызматкерлери көздөн жаш агызуучу газ жана ок атуучу куралдарды колдонууга аргасыз болду.

Бирок бул дагы жергиликтүү аба портуна кирип келген демонстранттардын калың катмарын токтоткон жок.

Иш-аракеттер көйгөйлөрдү чечүүгө жардам бердиби же жокпу, айтыла элек.