Ата-энесинен ажыраган балдардын пенсиясы эки эсе көбөйтүлдү.
Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Теңизбек Абжапаров билдиргендей, быйылкы жылдан тарта томолой жетимдерге 6 миң сомдон төлөнүүдө.
Ал кошумчалагандай, бул сумма бир үй-бүлөдө канча бала болсо ар бирине өзүнчө тиешелүү болот.
Статистикалык маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда ата-эненин кароосу жок калган 18 жашка чейинки 2 миңден ашык бала бар.