Кыргызстандык окуучулар биология боюнча британ олимпиадасында 14 медаль жеңип алышты

Кыргызстандык окуучулар биология боюнча британ олимпиадасында 14 медаль жеңип алышты.

Билим берүү министрлигинин мааалыматына караганда, быйыл олимпиадага дүйнө жүзү боюнча 700дөн ашуун мектептен 10 миңдей окуучу катышты.

Кыргызстандын атынан 184 окуучу катышып, 4 алтын, 5 күмүш жана 5 коло медалга ээ болушту.