Келе жаткан жайда ак түстүү бут кийимдер мода болот

Келе жаткан жайда ак түстүү бут кийимдер мода болот. Мындай божомолун британиялык Vogue басылмасынын башкы редактору Элис Монтгомери берди.

 

Андан тышкары, эксперттин пикиринде, бул сезондо ак аксессуарлар популярдуу болот, өзгөчө сумкалар жана курлар. Жайында ак кроссовки, босоножки, сандали жана 90-жылдардагыдай ак шиш такалуу туфли кийген кыз-келиндер саркеч деп эсептелет.