Кыргызстанда коронавирустан вакцинанын биринчи дозасы менен максаттуу топтун 65 пайызы эмделди

Кыргызстанда коронавирустан вакцинанын биринчи дозасы менен максаттуу топтун 65 пайызы эмделди. Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлнара Ишенапысова “Кабар” агенттигине билдирди.   Ал белгилегендей, бирок бул жалпы калктын санынын 19 пайызын гана түзөт. Өлкөдө вакцинанын запасы жетиштүү. Жалпысынан Кыргызстанга 6 миллион доза препарат жеткирилсе,… Кененирээк…

Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМдан кабарлашты. Билдирүүдө жазылгандай, жер титирөө саат 04:15те катталып, Алай районунун Бор-Дөбө айылында 3 баллга чейин сезилген. Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Республиканын тоолуу райондорунда сел жүрүү коркунучу жаралды

Республиканын тоолуу райондорунда сел жүрүү коркунучу жаралды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, мындай абал алдыдагы бир нече күн бою сакталат.   Бул туруксуз аба-ырайы жана нөшөрлөгөн жаан-чачынга байланыштуу. Жарандарга этият болуу сунушталат.

Бишкектин муниципалдык бала бакчаларында 1-майдан тарта ата-энелердин төлөмү жогорулатылды

Бишкектин муниципалдык бала бакчаларында 1-майдан тарта ата-энелердин төлөмү жогорулатылды. 24 агенттигине вице-мэр Виктория Мозгачева түшүндүргөндөй, бул мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде тамактануу нормасы көбөйтүлгөнүнө байланыштуу.   Эгер буга чейин балдардын тамактануусуна күнүнө 60 сомдон бөлүнсө, эми бул сумма 120 сомго жеткирилди.   Республиканын бала бакчаларында… Кененирээк…

Түндүк-түштүк альтернативалык жолдогу туннель жана эстакадалык көпүрө акылуу болот

Түндүк-түштүк альтернативалык жолдогу туннель жана эстакадалык көпүрө акылуу болот. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришти.   Трассада жүрүү тарифи бекитиле элек, анткени, жолдун расмий ачылышына дагы   1,5-2 жыл бар, — дешти ведомстводон.   Буга чейин министрдин орун басары Нурлан Кайынбаев билдиргендей, түндүк-түштүк альтернативалык жолдо… Кененирээк…

Баткен облусунун Сүлүктү шаарында көмүр казуу учурунда газга ууланып, шахтанын ичинде калып калган 5 жаран куткарылды

Баткен облусунун Сүлүктү шаарында көмүр казуу учурунда газга ууланып, шахтанын ичинде калып калган 5 жаран куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, шахтанын ичинде калган адамдар тууралуу маалымат кечээ кечинде келип түшкөн. Жерине 8 куткаруучу тартылып, жабыркагандар «Тез жардам» кызматына өткөрүп берилди.

Бишкекте 800 миң бир жылдык гүл отургузулат

Бишкекте 800 миң бир жылдык гүл отургузулат. Муниципалитеттин маалыматына ылайык, ордо калаа клумбаларында жазгы жоогазындарды эми жайкы петуния, сальвия, тагетис, алисум жана башка гүлдөр алмаштырат.   Алар улуттук орнамент, жылдыздар жана ар кандай символдук даталарды сүрөттөп тигилет. Эскиздерди “Бишкек жашыл чарба” ишканасы даярдады. Мэрия эскертет:… Кененирээк…

Дача-Су кырсыгы боюнча жаңы комиссия түзүлдү. Курамы

Президент Садыр Жапаров жарлык чыгарып, Чүй облусунун Сокулук районунун Дача-СУ айылында мындан беш жыл мурда жүк ташуучу Боинг-747 самолету кулаган авиациялык кырсыктын себептерин изилдөө боюнча коомдук комиссия түздү. Комиссия туурасында ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды. Коомдук комиссияга коомдук ишмер, саясатчы жана мурдагы депутат Алмамбет… Кененирээк…

Бишкекте Фрунзе-Турусбеков көчөлөр кесилишинде жылуулук тармактарын оңдоо иштери башталды

Бишкекте Фрунзе-Турусбеков көчөлөр кесилишинде жылуулук тармактарын оңдоо иштери башталды. Мэриянын маалыматына ылайык, бүгүнтөн тарта Манас проспектисинен Шевченко көчөсүнө чейинки тилке унаа кыймылы үчүн жабылат.   Оңдоо иштери 5-июнга чейин жүргүзүлөт деп пландалууда. Жумуштардын экинчи этабында Абдымомунов-Фрунзе тилкеси чектелет. Бул жерде иштер качан башталат азырынча белгисиз.

Кыргызстанда үйлөрдү камсыздандырбагандарга айып салуу сунушталды

Кыргызстанда үйлөрдү камсыздандырбагандарга айып салуу сунушталды.   “Турак-жайларды өрттөн жана жаратылыш кырсыктарынан милдеттүү түрдө камсыздандыруу жөнүндө” мыйзамын аткарбагандарга карата чара көрүү демилгесин Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы көтөрдү.   Ага ылайык, полиси жок болгон үчүн шаарда жашагандарды 1 миң 200 сомго, ал… Кененирээк…