Ордо калаада бактардын электрондук базасы толукталууда

Ордо калаада бактардын электрондук базасы толукталууда. Мэриядан такташкандай, инвентаризациялоонун алкагында шаардагы бардык бактардын саны, абалы такталып, кандай багууга жана жардамга муктаж экени аныкталат. Тейлөө иштерине бюджеттен канча акча талап кылынары божомолдонот. Эске салсак, былтыр алгачкы эки аптада эле ыктыярчылардын жардамы менен 700 бак тизмеге киргизилген.

Бишкекте жол коопсуздугун камсыз кылууга арналган бир жумалык акция старт алды

Бишкекте жол коопсуздугун камсыз кылууга арналган бир жумалык акция старт алды. Анын алкагында, унаанын ылдамдыгын эл көп чогулган жерлерде саатына 30 чакырымдан жогорулатпай айдоо сунушталат. Мектептердин жана башка окуу жайлардын алдында тематикалык флешмобдор өтөт. Бейөкмөт уюмдар уюштуруп жаткан иш-чара жол коопсуздугуна байланыштуу көйгөйлөргө элдин жана… Кененирээк…

“Бишкек-Нарын-Торугарт” жолунун Боом капчыгайында таш кулатуу иштери башталат

Бүгүнтөн тарта “Бишкек-Нарын-Торугарт” жолунун Боом капчыгайында таш кулатуу иштери жүргүзүлөт. “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, жумуш күн сайын эртең мененки саат 9дан түшкү 3кө чейин жасалат. Бул учурда жолдун бир тарабы жабылып, аны милиция көзөмөлдөйт. Унаалар топтоло турган болсо, иш токтотулуп, кезек-кезеги менен өткөрүлүп… Кененирээк…