Ордо калаада бактардын электрондук базасы толукталууда

Ордо калаада бактардын электрондук базасы толукталууда.

Мэриядан такташкандай, инвентаризациялоонун алкагында шаардагы бардык бактардын саны, абалы такталып, кандай багууга жана жардамга муктаж экени аныкталат.

Тейлөө иштерине бюджеттен канча акча талап кылынары божомолдонот.

Эске салсак, былтыр алгачкы эки аптада эле ыктыярчылардын жардамы менен 700 бак тизмеге киргизилген.