Бишкекте жол коопсуздугун камсыз кылууга арналган бир жумалык акция старт алды

Бишкекте жол коопсуздугун камсыз кылууга арналган бир жумалык акция старт алды.

Анын алкагында, унаанын ылдамдыгын эл көп чогулган жерлерде саатына 30 чакырымдан жогорулатпай айдоо сунушталат.

Мектептердин жана башка окуу жайлардын алдында тематикалык флешмобдор өтөт.

Бейөкмөт уюмдар уюштуруп жаткан иш-чара жол коопсуздугуна байланыштуу көйгөйлөргө элдин жана чечим кабыл алуучу мекемелердин көңүлүн буруу болуп саналат.

Белгилеп кетсек, быйылкы жылдын үч айында эле Кыргызстанда 1 миң 300дөн ашык жол кырсыгы катталган.