Мбаппе Франция чемпионатында сезондун мыкты оюнчусу аталды

Мбаппе Франция чемпионатында сезондун мыкты оюнчусу аталды. “ПСЖ” футболдук клубунун чабуулчусу Килиан Мбаппе Франция чемпионатында 2021-22-жылкы сезондун мыкты оюнчусу аталды. Ал жалпы 34 оюнда 25 гол киргизип, тизменин сап башына чыкты. Ошондой эле “ПСЖ” командасына Франциянын чемпионатын жеңүүгө жардам берген. Ал эми сезондун жыйынтыгы менен… Кененирээк…

Индияда ысыктан улам аба ырайы боюнча «кызыл» деңгээл жарыяланды

Индиянын түндүгүндө ысыктан улам аба ырайы боюнча «кызыл» деңгээл жарыяланды. Ал жерде термометрлер 48,5 градусту көрсөтүп турат. Синоптиктердин айтымында, бул нормадан орточо алты градуска жогору. Көптөгөн шаарларда ысык учурундагы иш-аракеттердин планы иштелип чыкты. Тургундарга аптаптын жакындап келе жатканы эскертилип, көчөлөр көп сугарылып, ичүүчү суу менен… Кененирээк…

Кыргызстанда жаздык эгин өткөн жылга салыштырмалуу 14% көп айдалды

  Ушул жылдын апрель айында аба ырайынын ыңгайлуу болушу жазгы талаа жумуштарынын темпинин өсүшүн шарттады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, республика боюнча жалпысынан 430 миң гектарга жакын жаздык эгин айдалды. Бул өткөн жылдын тиешелүү мезгилине караганда 14 пайызга көп.

Адам нерв болгондо эмне үчүн тырмактарын тиштей турганы аныкталды

Британ илимпоздору толкунданганда тырмак тиштөө адаты өзүнө көңүл буруунун бир ыкмасы экенин аныкташты. Окумуштуулар белгилегендей, адамдар ушундай жол менен айланасындагы адамдарды өзүнө жакшы мамиле кылууга үндөйт. Изилдөөлөргө ылайык, адамдар көбүнчө стресстен өздөрүнө зыян келтирет. Мындай сигналдар тырмакты тиштөөдөн тышкары, тырманып, чачка же бетин кармалап баштоодон… Кененирээк…

Бишкекте биринчи жолу Евразия экономикалык форуму өтөт

Бишкекте биринчи жолу Евразия экономикалык форуму өтөт. Евразиялык экономикалык комиссиянын басма сөз кызматынан билдиришкендей, иш-чара 26-майда болот. Анда биримдиктин мамлекет башчыларынын катышуусунда пленардык жыйын, ошондой эле алты панелдик сессия уюштурулат. Форумдун негизги темасы “Дүйнөлүк өзгөрүүлөрдүн доорундагы евразиялык экономикалык интеграция. Инвестициялык активдүүлүк үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр” деп… Кененирээк…

Кыргызстандын кыздар курамасы Түркиядагы мелдеште жеңишке жетти

Кыргызстандын күрөш боюнча кыздар курама командасы Түркиядагы U20 (20 жашка чейинкилер арасында) Champions эл аралык мелдешинде төрт медаль утту. Бул тууралуу Кыргызстандын күрөш федерациясынан билдиришти. Турнир 14-15-майда Анталья шаарында өтүп, анда Кыргызстандын курамасы бир күмүш, үч коло багындырды: 2-орун — Дилназ Сазанова, 62 кг; 3-орун… Кененирээк…

Бишкектеги троллейбустардын отургучтары жаңыланды

Бишкектеги троллейбустардын отургучтары жаңыланды. Муниципалитеттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, эски отургучтар оңдолуп, сырты кир көтөрүмдүү кездеме менен капталды. Мэрия муниципалдык менчикке аяр мамиле жасап, эмгекти урматтоого чакырат. Белгилеп кетсек, ордо калаада күнүнө орто эсеп менен 135-140 троллейбус каттамга чыгат.  

Жалал-Абадда социалдык шаарча ачылды

Жалал-Абадда социалдык шаарча ачылды. Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, “Бахрейн” аталышындагы шаарчада азырынча муктаж төрт үй-бүлөгө үйдүн ачкычы тапшырылды. Анда негизи 24 түтүнгө ылайыкталган турак жайлар, 200 орундуу мектеп, тигүү цехи, ФАП жана мечит бар. Учурда тигүү цехи менен бир нече турак жай жана мечит пайдаланууга… Кененирээк…

Кыргыз-пакистан кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланды

Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Уланбек Тотуяев Пакистандын Тышкы иштер министрлигинин Борбордук Азия өлкөлөрү жана Экономикалык Кызматташтык Уюмунун (ЭКУ) департаментинин башкы директору Шах Файсал Какар менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-пакистан эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, алардын ичинде, эң жогорку жана… Кененирээк…

Түркиянын Элазыг шаарына Чыңгыз Айтматовдун эстелиги орнотулат

Түркиянын Элазыг шаарына залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстелиги тургузулат. Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиевдин Элазыг шаарына болгон иш-сапарынын алкагында маалым болду. Элчинин Элазыгга болгон сапарынын алкагында маданият жана адабият ишмерлеринин, журналисттердин, ошондой эле аталган шаарда жашаган кыргыз жарандарынын катышуусунда Айтматовду эскерүү иш-чарасы өттү.… Кененирээк…