Британиялык окумуштуулар тамак ооз тийген робот чыгарды

Британиялык окумуштуулар тамак ооз тийген робот чыгарды. Ал атайын сезгич датчиктер менен камсыздалып, тамак-аштын туз, калемпири жетиштүү экенин биле алат.   Иштеп чыгуучулар муну менен идеалдуу тамак даярдоочу машина куруу ниетинде. Эми роботтор ар бир кардардын каалоосун эске алуу менен даамдуу тамакты оңой эле жасай… Кененирээк…

Мектеп бүтүрүүчүлөрүнө аттестаттар июлдун башында тапшырылат

Мектеп бүтүрүүчүлөрүнө аттестаттар июлдун башында тапшырылат. Бул тууралуу novosti.kgге Билим берүү министрлигинен билдиришти. Ведомстводон такташкандай, билимин тастыктаган документтерге 11-класстын дагы, 9-класстын дагы окуучулары ээ болот.   Аттестат тапшыруу салтанаты өтө турган так дата кийинчирээк жарыяланат.

Токтогул суу сактагычында нымдуулук көбөйүп, 10 миллиард кубометрден ашты

Токтогул суу сактагычында нымдуулук көбөйүп, 10 миллиард кубометрден ашты. Өткөн жылдын ушул эле мезгил аралыгында көрсөткүч 250 миллион кубометрге аз болчу.   “Электр станциялары” компаниясынан билдиришкендей, учурга карата суунун орточо келүүсү суткасына 662 кубометрди түзсө, чыгуусу эки эсе аз болуп жатат – 273 куб. Эске… Кененирээк…

Кыргызстан жогорку даражалуу конокторду тосууга даярданууда

Кыргызстан жогорку даражалуу конокторду тосууга даярданууда. 26-27-майда Бишкекке Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешменин жана Евразиялык Экономикалык форумдун мүчөлөрүнүн жолугушуусу өтөт.   Күтүлгөндөй, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн лидерлери келет. Мамлекеттик деңгээлдеги иш-чарага байланыштуу ордо калаада жана Чүй облусунун айрым жерлеринде унаа кыймылына чектөөлөр киргизилет.   Жарандарга тыгындарда туруп калбоо… Кененирээк…

Кыргызстанда бардык мектептердин техникалык абалы текшерилет

Кыргызстанда бардык мектептердин техникалык абалы текшерилет. Мындай тапшырманы министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров берди. Бул маселе Чаткал районунун Терек-Сай айылындагы №18 мектептин шыбы урагандан кийин көтөрүлдү.   Кырсык кечээ сабак учурунда катталды. Жыйнтыгында 15 окуучу жана мугалим Ала-Бука райондук ооруканасына жеткирилген. Чоочуп калуу жана стресс… Кененирээк…

Садыр Жапаров Венгриянын премьер-министрин кызматка шайланышы менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров Виктор Орбанды Венгриянын премьер-министри кызматына кайрадан шайланышы менен куттуктады. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришти. «Сизди Венгриянын премьер-министри болуп кайра шайланышыңыз менен чын дилимден куттуктайм! Бул жооптуу мамлекеттик кызматта сизге зор ийгиликтерди каалайм. Быйыл Кыргызстан менен Венгрия дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30… Кененирээк…

Сузакта эскирген электр мамычалары алмаштырылууда

Сузак районунда эскирген электр мамычаларын алмаштыруу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу “Жалалабатэлектр” ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Сузак районундагы Боз-Чычкан айылында жарактуу мөөнөтү бүткөн кубаттуулугу 10кВ болгон жыгач мамычалар жаңы бетон электр мамычаларына алмаштырылып жатат. Жасалып жаткан жумуштар CASA-1000 долбоорунун алкагында ишке ашууда. Белгилеп кетсек, Боз-Чычкан айылындагы… Кененирээк…

Кызыл-Кыяда кургак учукка каршы оорукана жоюлду

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында Жалпы дарыгердик практика борборунун жаңы имаратка көчүрүлгөн неврология бөлүмү ачылды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти. Бөлүм толук шарттары менен 40 орунга ылайыкташып, 5 дарыгер жана 10 медайым, 10 кенже медайым менен камсыздалган. Бул жерге… Кененирээк…

Кыргызстандык эмгек мигранттардын Россиядан акча которуулары кыскарды

Кыргызстандык эмгек мигранттарынын Россиядан акча которуулары кыскарды. Улуттук банктын маалыматы боюнча, март айында мигранттар мекенине 140 миллион доллардай которсо, февраль айында бул сумма 182 миллиондон ашык болчу. Башкача айтканда, төмөндөө 23 пайыздан ашты. Улуттук банктын аналитиктеринин айтымында, бул төмөндөө пандемия учурундагы абал менен салыштырууга болот.… Кененирээк…

Бишкекте нөшөрлөгөн жамгыр жана шамал күтүлөт

Республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарында жакынкы үч күн ичинде нөшөрлөп жааган жамгырга жана дарыяларда суунун деңгээлинин кескин көтөрүлүшүнө байланыштуу сел жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен эскертишти. Ал эми бүгүн Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө өткүн өтүп, күн күркүрөшү, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы… Кененирээк…