Курулуп жаткан турак жайларды ипотекага алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү

Өлкөдө курулуп жаткан турак жайларды мамлекеттик программанын алкагында ипотекага алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчи орун басары Амантур Өмүров Sputnik агенттигине билдирди. Анын айтымында, курулуп жаткан объектиден батир алуу үчүн насыя коммерциялык банк тарабынан азырынча Бишкек шаарында берилет. Келечекте бул долбоор аймактарды… Кененирээк…

Кийинки аптада ЖРТнын биринчи этабы башталат

Кыргызстанда кийинки аптада абитуриенттер үчүн республикалык тестирлөөнүн биринчи этабы башталат. Билим берүү министрлигинен такташкандай, ал 24-25-майда өтөт. Экинчи этабы 27-28-майга, үчүнчүсү 24 жана 25-июнга белгиленген. Акыркы, үчүнчү этапта жүйөлүү себептер менен алгачкы эки этапка катыша албай калган бүтүрүчүүлөр үчүн тестирлөө жүргүзүлөт. Белгилеп кетсек, жалпы республикалык… Кененирээк…

Бишкек жана Чүй аймагында унаа кыймылына чектөө киргизилет

Бишкек жана Чүй аймагында унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет. Ички иштер министрлигинен такташкандай, мунун себеби өлкөдө өтө турган Евразия экономикалык форуму менен байланыштуу. Ведомство ордо калаанын тургундарын жана конокторун киргизилген чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылууну, жол кыймылынын эрежелерин жана жолдо унаа айдоо маданиятын сактоону, жол… Кененирээк…

Чаткалдагы кырсыктан жабыркаган үч окуучу ооруканадан чыгарылды

Чаткалдагы мектептин сабак учурунда шыбы урап, жабыркаган үч окуучу ооруканадан чыгарылды. Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, алардын абалы канааттандырарлык жана амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү. Учурда Ала-Бука аймактык ооруканада мектеп мугалими дарыланууда. Кечээ Жалла-Абал облусунун Чаткал районундагы №18 Амирабек Чымканаев атындагы орто мектептин окуу кабинетинин шыбы урап түшкөн.… Кененирээк…

Балыкчыда 500 орундуу педагогикалык колледж толук оңдоодон өттү

Балыкчыдагы 500 орундуу педагогикалык колледж толук капиталдык оңдоодон өттү. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, мекеменин материалдык-техникалык базасы толугу менен жаңыртылып, бардык стандарттарга шайкеш келтирилди. Долбоор Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланды. Бул колледж чет тилдери, туризм, унаада жүк ташуу, программалык башкаруу сыяктуу учурдун талабына ылайык келген тармактарда… Кененирээк…

Араванда 50 орундуу тигүү цехи ачылды

Ош облусунун Араван районунда 50 орундуу тигүү цехи пайдаланууга берилди. Жергиликтүү бийликтин маалыматына ылайык, ишкананы жергиликтүү ишкер ачты. Чек-Абад айыл өкмөтүндөгү цехке 3 миллион сом жумшалды. Бул жерде чыгарылган продукция Россияга экспорттолот. Белгилеп кетсек, аймакта жакынкы күндөрү 50 орунга ылайыкталган дагы бир тигүү фабрикасы ачылат.

Боом капчыгайындагы темир жол жаңыланат

Боом капчыгайындагы темир жол инфраструктурасын жаңылоо долбоорун Европа калыбына келтирүү жана өнүктүрүү банкы каржылайт. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, долбоордун алкагында жер көчкүгө каршы тосмолорду куруу, универсалдуу жарым вагондорду сатып алуу, ошондой эле 14 чакырымга жакын темир жолду жаңылоо каралууда.

Ысык-Көл облусунда 30 айылдын тургундары акысыз юридикалык жардам алышат

Ысык-Көл облусунда “Акысыз юридикалык жардам” акциясы башталды. Юстиция министрлигинен билдиришкендей, иш-чаранын максаты калкка “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө” мыйзамдын алкагында акысыз юридикалык кеңештерди берүү. Аймактын тургундары юристтерге ар кандай маселелер боюнча кайрылса болот: жер тилкелерин жана турак-жай мүлкүн каттоо, үй-бүлөлүк талаш-тартыштарды чечүү, сотторго жана укук… Кененирээк…

Окуучуларды 5-класстан жалпы республикалык тестирлөөгө даярдоо сунушталды

Билим берүү жана илим министрлигинде «Жаш тилчилер» уюмунун алгачкы кеңешмеси өттү. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти. Маалыматка ылайык, ага билим берүү жана илим министринин орун басары Уланбек Мамбетакунов, Мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Гүлнара Ибраимова, кыргыз тилин өнүктүрүү багытында жаштар менен иш алып барган коомдук… Кененирээк…

Бүгүн Бишкекте Музейлердин эл аралык күнү белгиленет

Бүгүн Бишкекте Музейлердин эл аралык күнү белгиленет. Мэриядан билдиришкендей, Гапар Айтиев атындагы музейде “Ачык эшик” күнү, Ольга Мануйлованын үй-музейинде живопись жана графика көргөзмөсү, Чуйковдун мемориалдык музейинде көргөзмө, мастер-класс уюштурулат. Ошондой эле, Аалы Токомбаевдин үй-музейинде “Манас” айтуу менен коштолгон экскурсия өтөт. Музейлердин эл аралык күнү дүйнөдө… Кененирээк…