Кыргызстанда бардык мектептердин техникалык абалы текшерилет

Кыргызстанда бардык мектептердин техникалык абалы текшерилет. Мындай тапшырманы министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров берди. Бул маселе Чаткал районунун Терек-Сай айылындагы №18 мектептин шыбы урагандан кийин көтөрүлдү.

 

Кырсык кечээ сабак учурунда катталды. Жыйнтыгында 15 окуучу жана мугалим Ала-Бука райондук ооруканасына жеткирилген. Чоочуп калуу жана стресс диагноздору менен 4 адам дарыланууда.