Бишкекте нөшөрлөгөн жамгыр жана шамал күтүлөт

Республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарында жакынкы үч күн ичинде нөшөрлөп жааган жамгырга жана дарыяларда суунун деңгээлинин кескин көтөрүлүшүнө байланыштуу сел жүрүшү күтүлөт.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен эскертишти.

Ал эми бүгүн Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө өткүн өтүп, күн күркүрөшү, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

Куткаруучулар электр зымдары жана байланыштар үзүлүп, бак-дарактар ​​кулашы мүмкүн экенин билдиришти.