Токтогул суу сактагычында нымдуулук көбөйүп, 10 миллиард кубометрден ашты

Токтогул суу сактагычында нымдуулук көбөйүп, 10 миллиард кубометрден ашты. Өткөн жылдын ушул эле мезгил аралыгында көрсөткүч 250 миллион кубометрге аз болчу.

 

“Электр станциялары” компаниясынан билдиришкендей, учурга карата суунун орточо келүүсү суткасына 662 кубометрди түзсө, чыгуусу эки эсе аз болуп жатат – 273 куб. Эске салсак, Кыргызстанда суунун аз келүү мезгили дагы эле уланууда. Андыктан, жарандарга электр энергиясын үнөмдүү колдонуу сунушталат.