Кыргызстан жогорку даражалуу конокторду тосууга даярданууда. 26-27-майда Бишкекке Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешменин жана Евразиялык Экономикалык форумдун мүчөлөрүнүн жолугушуусу өтөт.
Күтүлгөндөй, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн лидерлери келет. Мамлекеттик деңгээлдеги иш-чарага байланыштуу ордо калаада жана Чүй облусунун айрым жерлеринде унаа кыймылына чектөөлөр киргизилет.
Жарандарга тыгындарда туруп калбоо үчүн каттамдарын эртелеп түзүп алуу сунушталат.