Кызыл-Кыяда кургак учукка каршы оорукана жоюлду

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында Жалпы дарыгердик практика борборунун жаңы имаратка көчүрүлгөн неврология бөлүмү ачылды.

Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Бөлүм толук шарттары менен 40 орунга ылайыкташып, 5 дарыгер жана 10 медайым, 10 кенже медайым менен камсыздалган.

Бул жерге бир гана Кызыл-Кыя шаарынын тургундары эмес Баткен облусунун бардык аймактарынан бейтаптар келип медициналык жардам алып, дарыланышат.

Белгилеп кетсек, Саламаттык сактоо министрлигинин буйругунун негизинде Кызыл-Кыя шаарындагы Кызыл-Кыя кургак учукка каршы райондор аралык ооруканасы жоюлуп, ордуна неврология бөлүмү ачылды.