Кыргызстандык эмгек мигранттардын Россиядан акча которуулары кыскарды

Кыргызстандык эмгек мигранттарынын Россиядан акча которуулары кыскарды.

Улуттук банктын маалыматы боюнча, март айында мигранттар мекенине 140 миллион доллардай которсо, февраль айында бул сумма 182 миллиондон ашык болчу.

Башкача айтканда, төмөндөө 23 пайыздан ашты.

Улуттук банктын аналитиктеринин айтымында, бул төмөндөө пандемия учурундагы абал менен салыштырууга болот.

Алсак, 2020-жылдын март айында которуулардын көлөмү 139 миллион долларды түзгөн.