Ысык-Көл облусунда “Акысыз юридикалык жардам” акциясы башталды.
Юстиция министрлигинен билдиришкендей, иш-чаранын максаты калкка “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө” мыйзамдын алкагында акысыз юридикалык кеңештерди берүү. Аймактын тургундары юристтерге ар кандай маселелер боюнча кайрылса болот: жер тилкелерин жана турак-жай мүлкүн каттоо, үй-бүлөлүк талаш-тартыштарды чечүү, сотторго жана укук коргоо органдарына кайрылуулар, мурастык талаш-тартыштар, укуктук документтер, эмгек талаштары жана башкалар.
Акция 3-июнга чейин уланып, юридикалык жардам Ысык-Көл облусундагы 30 айылдын тургундарына көрсөтүлөт.