Араванда 50 орундуу тигүү цехи ачылды

Ош облусунун Араван районунда 50 орундуу тигүү цехи пайдаланууга берилди.

Жергиликтүү бийликтин маалыматына ылайык, ишкананы жергиликтүү ишкер ачты.

Чек-Абад айыл өкмөтүндөгү цехке 3 миллион сом жумшалды.

Бул жерде чыгарылган продукция Россияга экспорттолот.

Белгилеп кетсек, аймакта жакынкы күндөрү 50 орунга ылайыкталган дагы бир тигүү фабрикасы ачылат.