Кийинки аптада ЖРТнын биринчи этабы башталат

Кыргызстанда кийинки аптада абитуриенттер үчүн республикалык тестирлөөнүн биринчи этабы башталат.

Билим берүү министрлигинен такташкандай, ал 24-25-майда өтөт.

Экинчи этабы 27-28-майга, үчүнчүсү 24 жана 25-июнга белгиленген.

Акыркы, үчүнчү этапта жүйөлүү себептер менен алгачкы эки этапка катыша албай калган бүтүрүчүүлөр үчүн тестирлөө жүргүзүлөт.

Белгилеп кетсек, жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы өлкөнүн жогорку окуу жайларына өтүү үчүн зарыл.