Балыкчыда 500 орундуу педагогикалык колледж толук оңдоодон өттү

Балыкчыдагы 500 орундуу педагогикалык колледж толук капиталдык оңдоодон өттү.

Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, мекеменин материалдык-техникалык базасы толугу менен жаңыртылып, бардык стандарттарга шайкеш келтирилди.

Долбоор Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланды.

Бул колледж чет тилдери, туризм, унаада жүк ташуу, программалык башкаруу сыяктуу учурдун талабына ылайык келген тармактарда адистерди даярдайт.