Чаткалдагы кырсыктан жабыркаган үч окуучу ооруканадан чыгарылды

Чаткалдагы мектептин сабак учурунда шыбы урап, жабыркаган үч окуучу ооруканадан чыгарылды.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, алардын абалы канааттандырарлык жана амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү.

Учурда Ала-Бука аймактык ооруканада мектеп мугалими дарыланууда.

Кечээ Жалла-Абал облусунун Чаткал районундагы №18 Амирабек Чымканаев атындагы орто мектептин окуу кабинетинин шыбы урап түшкөн.

Кырсык учурунда класста бир мугалим, 16 окуучу болгон.