Боом капчыгайындагы темир жол жаңыланат

Боом капчыгайындагы темир жол инфраструктурасын жаңылоо долбоорун Европа калыбына келтирүү жана өнүктүрүү банкы каржылайт.

Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, долбоордун алкагында жер көчкүгө каршы тосмолорду куруу, универсалдуу жарым вагондорду сатып алуу, ошондой эле 14 чакырымга жакын темир жолду жаңылоо каралууда.