Жалдагы 140 орундуу бала бакчанын курулушу сентябрга чейин аяктайт
Бишкектин Жал кичирайонундагы 140 орундуу бала бакчанын курулушу сентябрга чейин аяктайт. Капиталдык курулуш башкармалыгынын маалыматына караганда, мектепке чейинки мекеменин аянты дээрлик 1 миң 500 чарчы метрди түзөт. Курулуштун сметалык баасы 135 миллион сом. Кошумчаласак, быйыл ордо калаада 140 орундуу дагы эки бала бакчанын курулушу башталат.