Коронавирустан вакцина алгандарга ПЦР-тесттен өтүү талап кылынбайт. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. Маалыматка ылайык, эгер жаран эмдөөдөн өткөндөн кийин курч респиратордук вирус же сасык тумоо менен ооруса, анда дарыгердин сунушу менен ПЦР-тест жасалышы мүмкүн.
Андан тышкары, айрым мамлекеттер аймагына кирүүдө чет элдиктерден тесттин таза жыйынтыгын талап кылышы мүмкүн.
Калган учурларда ПЦР-изилдөөсү керектелбейт, — дешти штабдан.