Ипотекалык насыясы барлар пенсияга топтолгон каражатын алдын ала алса болот

Ипотекалык насыясы барлар пенсияга топтолгон каражатын алдын ала алса болот.

Өкмөттүн маалыматына караганда, эми жарандар карыздын негизги суммасын же кредит боюнча пайыздарды төлөө үчүн пенсия үчүн чогулган акчасын пайдалана алышат.

Ал үчүн жеке камсыздандыруу эсебинде 50 миң сомдон кем эмес сумма болууга тийиш.