Килиан Мбаппе Парижде калып, дүйнөдөгү эң кирешелүү футболчу аталды

Килиан Мбаппе Парижде калып, дүйнөдөгү эң кирешелүү футболчу аталды. Форвард “ПСЖ” менен жаңы келишимге кол койду. Бул эксперттер жана футбол күйөрмандары үчүн күтүүсүз чечим болуп калды.

 

Анткени, бир жылдан бери Мбаппе “Реалга” өтөт деген маалыматтар тарап келген. Бирок бардыгын акча чечип койду. “Пари Сен Жермендин” жетекчилиги Мбаппени алып калуу үчүн 300 миллион евро сунуштады. Жаңы келишимге ылайык, ал 3 жыл ичинде дагы ушундай эле сумма табат.