Кыргызстанда жер мунапысын жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо бекитилди

Кыргызстанда жер мунапысын жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо бекитилди.

Тиешелүү чечимди Министрлер кабинети кабыл алды.

Документ айыл чарба багытындагы жер тилкелерине курулган турак жайларга менчик укугу тууралуу мамлекеттик актыларды берүүгө байланышкан маселелерди ыкчам чечүү максатында иштелип чыкты.

Анда мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийликтин жер тилкелерин трансформациялоо иштерин уюштуруу эрежелери жазылган.