Бүгүнтөн тарта балдарга берилчү жөлөк пулдун көлөмү көбөйтүлөт.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев билдиргендей, аз камсыз үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн жөлөк пул 1-июндан баштап жогорулайт.
Алсак, 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга ай сайын берилүүчү пособие мурда 810 сом болсо, эми алар 1 миң 200 сомдон алышат.
Ошондой эле жогорулатуу жардамга муктаж жарандардын башка категорияларына дагы таасирин тийгизет, — деди чиновник.