“Мамлекеттик күзөт жөнүндө” мыйзам өзгөртүлүүдө

Кыргызстанда “Мамлекеттик күзөт жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизилүүдө. Мыйзам долбоорун 6-июнда биринчи окууда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитети карап, бир добуштан колдоду.

 

Талкуу учурунда депутат Адахан Мадумаров адам укуктарын жана эркиндиктерин бузушу ыктымал беренелер бар экенин айтып, кийинки окууга чейин ошолорду эске алып, оңдоп келүүнү сунуш кылды.

 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрага орун басары, Тогузунчу кызматтын жетекчиси Жумгалбек Шабданбеков мыйзам долбоору мамлекеттик күзөт органдарынын ишмердүүлүгүн жакшыртууга жана жаңы Конституцияга шайкеш келтирүү максатында иштелип чыкканын, депутаттардын сунуштары эске алынарын билдирди.

 

УКМК сунуштап жаткан долбоор кабыл алынса мамлекеттик күзөткө Конституциялык соттун төрагасы да алынат. Ал эми эгер зарылчылык пайда болсо өлкө жарандарына жана чет өлкөлүктөргө (президенттин сунуштамасы менен), коопсуздугуна коркунуч жаралса мамлекеттик жарандык кызматкерлерге, депутаттарга да күзөт бөлүнүп берилет.

 

Мамлекеттик күзөт жөнүндөгү мыйзам 1997-жылы иштелип чыккан. Андан бери ал алты жолу өзгөртүлгөн, соңку өзгөртүү 2011-жылы киргизилген. Азыр сөзсүз түрдө мамлекеттик күзөткө алынуучулар – президент жана анын үй-бүлөсү, парламенттин, өкмөттүн жана Жогорку соттун жетекчилери. Конституциялык сот өзүнчө орган катары 2010-жылы иштебей калганга чейин анын жетекчиси да мамлекеттик күзөттүн кайтаруусунда болчу.