Билим берүү министрлиги мамлекеттик билим берүү стандартын 50 пайызга жаңыртуу ниетинде

Билим берүү министрлиги мамлекеттик билим берүү стандартын 50 пайызга жаңыртуу ниетинде. Ведомство бир катар жаңы идеяларды камтыган токтом долбоорун даярдады.   Алсак, биринчи, экинчи класстардын окуучуларына баа койбой, анын ордуна башка ыкмаларды колдонуу сунушталууда. Андан тышкары, башталгыч класстарда “Мен жана дүйнө” жаңы предмети киргизилиши мүмкүн.… Кененирээк…

Дүйнө калкынын 10 пайызы окуганды жана жазганды билбейт

Жер жүзүндө дээрлик 770 миллион адам окуп жана жаза албайт. Алардын үчтөн экиси аялдар. Мындай маалыматтар ЮНЕСКО тарабынан чоңдорго билим берүү боюнча эл аралык конференциянын жыйынында айтылды. Белгилүү болгондой, калктын сабаттуулугун өнүктүрүүдөгү эң олуттуу көйгөйлөрдү Африка өлкөлөрү башынан кечирүүдө. Бул көрсөткүч боюнча антирекорд Сомалиге таандык,… Кененирээк…

Диетологдор гилас менен алчанын пайдалуу касиеттерин айтып беришти

Диетологдор гилас менен алчанын пайдалуу касиеттерин айтып беришти. Мөмөнүн бул түрүн үзгүлтүксүз колдонуу алардын курамындагы мелатонин менен триптофандын жеңилдигинен улам тез уктап, уйкунун сапатын жана узактыгын жакшыртууга жардам берет. Мындан тышкары, гилас жана алчаны колдонуу сезгенүүнүн жалпы көрүнүштөрүнөн коргой алат, жүрөк-кан тамыр системасына, муундарга оң… Кененирээк…

Нарында күчү үч баллга жеткен жер титирөө катталды

Бүгүн, 17-июнда таңкы саат 7:09да Нарын облусунда очогунда күчү үч баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматына таянып ӨКМден билдиришти. Жер титирөө Ак-Талаа районунун Коңорчок жана Кара-Бүргөн айылдарында эки баллга чейин сезилген. Андан жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок.

Бишкекке газ менен жүрө турган беш автобус сатып алынат

Бишкекке газ менен жүрө турган беш автобус сатып алынат. Мэриядан билдиришкендей, бул боюнча автобус чыгарган атамекендик “Белес Кей Жи”  компаниясы менен кызматташуу меморандумуна кол коюлду Анын алкагында муниципалитет “Белес” чыгарган техниканын сапатын текшерүү максатында газ менен жүргөн беш автобус сатып алууну көздөөдө.

Билим берүү эрежелерин бузгандыгы үчүн 44 автомектепке айып пул салынды

Кыргызстанда билим берүү эрежелерин бузгандыгы үчүн 44 автомектепке айып пул салынды. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, штрафтын жалпы суммасы 1 миллион 185 миң сомду түздү. Маалыматка ылайык, республика боюнча иштеп жаткан 270 автомектептин 190дон ашыгы текшерилип, жалпысынан 200гө жакын эреже бузуулар аныкталган. Ал… Кененирээк…

Кыргызстанда санаторий-курортторду инвентаризациялоо башталды

Кыргызстанда санаторий-курортторду инвентаризациялоо башталды. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунан билдиришти. Маалыматка ылайык, процедура аяктагандан кийин эл аралык эксперттер тарабынан эс алуу жайларына баа берилет. Алсак ар бир курорт үчүн өзүнчө реабилитациялоо программасы иштелип чыгышы мүмкүн. Анын алкагында, алар калыбына келтирилет же кайра курулат.

Бишкекте VI түрк тасмаларынын жумалыгы расмий ачылды

Россия кинотеатрында Түркиянын Маданият жана туризм министрлиги менен Кыргызстандагы элчилигинин колдоосунда “Йерли Дүшүнже/ Жергиликтүү ой пикир” коому тарабынан уюштурулуп жаткан VI түрк тасмаларынын жумалыгы расмий ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. Анда Кыргызстан менен Түркиянын орток маданияты, кино жаатындагы алакалар… Кененирээк…

Чилилик аял сууда сүзүү боюнча жаңы дүйнөлүк рекорд койду

Чилинин 36 жаштагы тургуну Барбара Эрнандес Тынч жана Атлантика океандарынын ортосундагы 5 миң 500 метр аралыкты сууда сүзүп өтүп, жаңы дүйнөлүк рекорд койду. Бирок кырдаал суунун температурасына байланыштуу татаал болду. Гиннесске кирүү аракетин Чилинин деңиз флоту көзөмөлдөгөн. Спортчуга токтоп эс алууга жана жардам алууга уруксат… Кененирээк…

Парламент Адылбек Касымалиевдин талапкерлигин колдоду

Парламент министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басарлыгына Адылбек Касымалиевдин талапкерлигин колдоду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти. Эске салсак, буга чейинки вице-премьер-министр Арзыбек Кожошев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматтан бошотулган. Учурда анын милдетин Адылбек Касымалиев аткарууда.