Билим берүү эрежелерин бузгандыгы үчүн 44 автомектепке айып пул салынды

Кыргызстанда билим берүү эрежелерин бузгандыгы үчүн 44 автомектепке айып пул салынды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, штрафтын жалпы суммасы 1 миллион 185 миң сомду түздү.

Маалыматка ылайык, республика боюнча иштеп жаткан 270 автомектептин 190дон ашыгы текшерилип, жалпысынан 200гө жакын эреже бузуулар аныкталган.

Ал эми 18 окуу жайдын иши токтотулду.

Эгер автомектептердин жетекчилери мыйзам бузууларды жойбосо, милиция кызматкерлери сот аркылуу лицензияларды жокко чыгарышат.