Бишкекте VI түрк тасмаларынын жумалыгы расмий ачылды

Россия кинотеатрында Түркиянын Маданият жана туризм министрлиги менен Кыргызстандагы элчилигинин колдоосунда “Йерли Дүшүнже/ Жергиликтүү ой пикир” коому тарабынан уюштурулуп жаткан VI түрк тасмаларынын жумалыгы расмий ачылды.

Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Анда Кыргызстан менен Түркиянын орток маданияты, кино жаатындагы алакалар тууралуу жылуу пикирлер айтылып, бир катар кино ишмерлерине эки өлкөнүн ортосундагы маданий көпүрөнү бекемдөө жана өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Маданият министрлигинин ведомстволук сыйлыктары тапшырылды.

Ачылыш маданий программа менен коштолуп, андан соң кино күйөрмандарына тасма тартууланды.

Тасмалар 20-июнга чейин Россия кинотеатрында акысыз көрсөтүлөт.