Нарында күчү үч баллга жеткен жер титирөө катталды

Бүгүн, 17-июнда таңкы саат 7:09да Нарын облусунда очогунда күчү үч баллга жеткен жер титирөө катталды.

Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматына таянып ӨКМден билдиришти.

Жер титирөө Ак-Талаа районунун Коңорчок жана Кара-Бүргөн айылдарында эки баллга чейин сезилген.

Андан жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок.