Ошто дагы бир инсталляция пайда болду

Ошто дагы бир инсталляция пайда болду. Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, объект Курманжан Датка – Баялинов көчөлөрүнүн кесилишинде орун алды. Инсталляцияда Курманжан Датканын, Сулмайман-Тоонун жана Ак-Буура дарыясынын сүрөтү чагылдырылган.   Буга чейин улуттук драмтеатрдын жанында “Улуу Жибек жолунун кербени” орнотулган.

Салык кызматы кассалык чек берилиши керектигин эскертет

Салык кызматы соңку күндөрү көзөмөл-кассалык аппаратка (ККМ) байланыштуу жарандардын даттануусу көбөйгөнүн билдирди.   Мекеме тараткан маалыматта «салык органдарына жарандардан айрым соода түйүндөрүнөн товар сатып алууда же кызматтарды пайдаланууда кассалык чек берүүнү токтоткону жөнүндө даттануулар түшө баштады. Алардын айтымында, ККМди колдонуу жокко чыгарылды деген жүйө менен… Кененирээк…

Бүгүнтөн тарта Бишкекке Махачкала шаарынан түз аба каттамы ачылат

Бүгүнтөн тарта Бишкекке Махачкала шаарынан түз аба каттамы ачылат. Бул тууралуу Дагестандын башкы аэропортунан билдиришти. Эки калааны байланыштырган каттамдар жумасына бир жолу, шаршемби күндөрү аткарылат.   Ал эми Бишкектен Дагестанга учактар бейшемби күндөрү жөнөйт.

Кыргызстан калкынын саны 2100-жылга карата 71 пайызга көбөйүшү керек

Кыргызстан калкынын саны 2100-жылга карата 71 пайызга көбөйүшү керек.   Мындай маалыматты Бириккен Улуттар уюмунун аналитиктери келтирүүдө. Божомолдорго ылайык, КМШ мамлекеттери арасынан калкынын санын өсүшү боюнча Тажикстан алдыга чыгат – 79 жыл ичинде бул өлкөдө жашагандар 172 пайызга көбөйөт.   Эске салсак, Улуттук статистика комитетинин… Кененирээк…

Токтогул суу сактагычында нымдуулуктун көлөмү 11,6 миллиард кубка жетти

Токтогул суу сактагычында нымдуулуктун көлөмү 11,6 миллиард кубка жетти. Июнь айынан тарта бул көрсөткүч дээрлик 1 миллиардка көбөйдү. Бул тууралуу “Электр тармактары” компаниясынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, учурга карата суунун орточо келүүсү 820 кубометрден ашып жатса, чыгуусу эки эсе аз – 360 куб. Белгилеп кетсек,… Кененирээк…

Бишкектеги кампадан өрт чыкты

Бишкекте кампадан ири өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.   Алдын ала маалымат боюнча, Биринчи Май районунун караштуу Көлмө конушунун Жаз көчөсүндө жайгашкан кампадан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.   Өрттү өчүрүүгө ӨКМдан жалпы 7 өрт өчүрүүчү бөлүм, 1 суу… Кененирээк…

Баткенде 5 социалдык объектте сел калдыктары тазаланды

Баткенде 5 социалдык объектте сел калдыктары тазаланды. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти. Мекемеден билдиришкендей, Кызыл-Кыя шаарында 18-июнь күнү катуу жааган жаандан улам келген сел суулары 7 социалдык объект жана 224 турак үйдүн короолоруна жана жер төлөсүнө кирген. «Кырдаалга байланыштуу ӨКМнын үчүнчү өзүнчө издөө-куткаруу отрядынан тартылган куткаруучулар… Кененирээк…

Бишкекте тротуарларды оңдоонун жана бордюрларды орнотууда  жаңы ыкма колдонулат

Бишкекте тротуарларды оңдоонун жана бордюрларды орнотууда  жаңы ыкма колдонулат. Муниципалитеттен билдиришкендей, асфальт-бетондон жасалган бордюрлар сыноо иретинде Горький көчөсүнүн бир бөлүгүнө орнотулат.   Жаңы ыкма чыгымды азайтып, ишти тездетет, — дешти мэриядан.

Республиканын тоолуу райондорунда сел жүрүү коркунучу сакталууда

Республиканын тоолуу райондорунда сел жүрүү коркунучу сакталууда.   Синоптиктердин маалыматына ылайык, мындай абал дагы бир жума бою кармалат. Бул аймактарда нөшөрлөп жааган жаанга жана туруксуз аба-ырайына байланыштуу.   Андыктан, жарандарга этият болуу сунушталат.

Мектепке биринчи класска балдарды кабыл алуунун экинчи этабы 27-июнда башталат

Мектепке биринчи класска балдарды кабыл алуунун экинчи этабы 27-июнда башталат. Бул тууралуу мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришти.   Андан такташкандай, бул убакыттан тарта ата-энелер жашаган жерине карабастан бош орун бар мектептерге балдарын каттай алат.   Андан тышкары, буга чейин электрондук каттоого тургандар экинчи этапта өздөрү каалаган… Кененирээк…