Панфилов паркында аттракциондорго жумасына бир жолу арзандатуу болот

Бишкектеги Панфилов паркында аттракциондорго жумасына бир жолу арзандатуу болот. Мэриядан такташкандай, жайкы каникулдун башталышы менен сейил багында шаар тургундарына жана борбор калаанын конокторуна, өзгөчө социалдык жактан аярлуу үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн атайын акция уюштурулууда. Ага ылайык, ар шаршемби саат 11ден кечки 6га чейин бардык аттракциондорго 50… Кененирээк…

Садыр Жапаров Акыйкатчы Атыр Абдрахматованы кабыл алды

Садыр Жапаров өлкөнүн Акыйкатчысы (Омбудсмен) Атыр Абдрахматованы кабыл алды. Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин коргоонун актуалдуу маселелери, Омбудсмен институтунун ишмердүүлүгүн жакшыртуу боюнча чаралар талкууланды. Акыйкатчы мамлекет башчысына көп жылдан бери акыйкаттыкка жетпей жүргөн жарандардын жеке жана жамааттык иштери… Кененирээк…

Түндүк-Түштүк жолунун 3-бөлүгүн куруу иштери кызуу жүрүп жатат

Түндүк-Түштүк жолунун 3-бөлүгүн куруу иштери кызуу жүрүп жатат. Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына караганда, бул бөлүккө караштуу бүт тилкеге ​​асфальт-бетон төшөлүп, быйылкы жылдын аягына чейин пайдаланууга берүү пландалууда. Ошондой эле эки көпүрө жана 12 суу өткөргүч куруу иштери жүрүп жатат. Жол куруу иштерине 200дөн ашык… Кененирээк…

Тоң районунда жаңы бала бакча курулууда

Тоң районунда жаңы бала бакча курулууда. Жергиликтүү бийликтен билдиришкендей, имараттын курулушу толугу менен Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланып, жалпы тендерлик баасы 43 миллион сомду түздү. Ак-Өлөң айылындагы бала бакча эки кабаттан туруп, 100 бөбөккө чакталган. Курулушту 2023-жылы аяктап, пайдаланууга берүү пландалууда.

Данияр Мырзабаев «Ошэлектрдин» башкы директору болуп дайындалды

Данияр Мырзабаев Директорлор кеңешинин чечими менен «Ошэлектр» ААКнын башкы директору болуп дайындалды. Ишканадан билдиришкендей, Мырзабаевди компаниянын Директорлор кеңешинин мүчөлөрү эмгек жамаатка жана РЭТ жетекчилерине тааныштырып, жаңы жетекчиге «Ошэлектр» ишканасынын өнүгүүсүнө жигердүү салым кошууга тилектештигин билдирип, ийгилик каалашты. Эске салсак, «Ошэлектр» ААКнын мурунку башкы директору Медетбек… Кененирээк…

Стилисттер аялдарды картаң көргөзгөн кийимдерди аташты

Стилисттер аялдарды картаң көргөзгөн кийимдерди аташты.   The Sun басылмасы Тамсен Фадалга шилтеме келтирип билдиргендей, ири принттери, сүрөттөрү бар кийимдерден баш тартуу керек. Андан тышкары,  адистер moms сыяктуу, актуалдуу эмес джинсы шымдарды кийбей эле коюу кеңешин берүүдө.   Эң башкысы – тренддерди кубалоонун кереги жок,… Кененирээк…

Улуттук олимпиада комитети 2024-жылга чейин 15 спортчуга стипендия төлөйт

Улуттук олимпиада комитети 2024-жылга чейин 15 спортчуга стипендия төлөйт. Спорттук комитеттин маалыматына ылайык, ай сайын берилүүчү сумма 500 долларга теңелет.   Тизмеде Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков, Эрназар Акматалиев, Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы, Денис Петрашов жана башкалар бар.

Ички иштер мнистрлиги жарандарды сууга түшүүдө коопсуздук чараларын сактоого чакырат

Ички иштер мнистрлиги жарандарды сууга түшүүдө коопсуздук чараларын сактоого чакырат. Ведомстводон белгилешкендей, бейтааныш жерде, көпүрөлөрдүн алдынан сүзүүгө, тереңдигин билбей туруп, сууга секирүүгө, тосулган жерден ашып чабак урууга, кайык – катамаран сыяктуу сүзүүчү каражаттарга жакындоого болбойт.   Пляжда спирт ичимдиктерин ичип, сууга мас абалында кирүү дагы… Кененирээк…

Кыргызстанды өнүктүрүү боюнча Координациялык кеңеш түзүлдү

Кыргызстанды өнүктүрүү боюнча Координациялык кеңеш түзүлдү. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.   Документ инвестициялык климатты жакшыртууга, инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда натыйжалуулукту жогорулатууга жана мамлекеттик колдоо көрсөтүүгө багытталган.   Министрликтерге, мамлекеттик администрацияларга жана коммерциялык банктарга Координациялык кеңешке колдоо көрсөтүү боюнча тапшырмалар берилди.

Кытайда эркек мурдагы сүйүктүүсүнө ага короткон акчаны толугу менен кайтарып берүүнү талап кылды

Кытайда эркек мурдагы сүйүктүүсүнө ага короткон акчаны толугу менен кайтарып берүүнү талап кылды. Анын айтымында, кыз ага 9 миң доллар төлөп бериши керек.   Шанхайдын тургуну атайын документ ачып, ага бардык чыгашасын жазып койгон. Анда чыгашанын датасы, убактысы, суммасы жана багыты көрсөтүлөт. Эркектин пикиринде кыз… Кененирээк…