Кыргызстан калкынын саны 2100-жылга карата 71 пайызга көбөйүшү керек.
Мындай маалыматты Бириккен Улуттар уюмунун аналитиктери келтирүүдө. Божомолдорго ылайык, КМШ мамлекеттери арасынан калкынын санын өсүшү боюнча Тажикстан алдыга чыгат – 79 жыл ичинде бул өлкөдө жашагандар 172 пайызга көбөйөт.
Эске салсак, Улуттук статистика комитетинин расмий маалыматы боюнча үстүбүздөгү жылдын 1-майына карата Кыргызстанда 6 миллион 700 миң адам жашайт.