Салык кызматы кассалык чек берилиши керектигин эскертет

Салык кызматы соңку күндөрү көзөмөл-кассалык аппаратка (ККМ) байланыштуу жарандардын даттануусу көбөйгөнүн билдирди.

 

Мекеме тараткан маалыматта «салык органдарына жарандардан айрым соода түйүндөрүнөн товар сатып алууда же кызматтарды пайдаланууда кассалык чек берүүнү токтоткону жөнүндө даттануулар түшө баштады. Алардын айтымында, ККМди колдонуу жокко чыгарылды деген жүйө менен кассалык чек берүүнү токтотушууда. Ушундан улам Салык кызматы ККМди колдонуу жокко чыгарылбаганын жана ККМди колдонууга милдеттүү болгон бардык ишкерлер сатып алуучуларга/керектөөчүлөргө кассалык чек бериши керектигин билдирет. Мындан тышкары, чек талап кылганга чейин сатып алуучунун колуна берилиши керек», -деп жазылган.

Өткөн аптада Бишкекте ККМдин киргизилишине каршы Өкмөт үйүнүн алдына соодагерлер нааразылык акциясына чыгышкан. Анда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бул аппараты колдонуу убактылуу токтотулуп турарын, митингге чыккандардын өкүлдөрү менен маселени чечүүнүн жолун караштырып чыгарын айткан. Ошондой эле ККМ менен эсеп-фактура чоң ишканалар үчүн жокко чыгарылбай турганын белгилеген.

Жаңы Салык кодексине ылайык, өлкө аймагындагы соода-сатык, жумуш аткаруу, тейлөө субъектилери накталай жана накталай эмес эсептешүүдө милдеттүү түрдө ККМ колдонушу керек. Мындай талап 1-августтан тартып коюла баштайт.

Бир катар ири базарларда иштеген соодагерлер буга карата нааразылыгын билдирип, митинг-пикет өткөрүп келе жатышат. Алар ККМ колдонсо товарын кымбаттатууга мажбур болорун айтууда.