Бишкектеги кампадан өрт чыкты

Бишкекте кампадан ири өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

 

Алдын ала маалымат боюнча, Биринчи Май районунун караштуу Көлмө конушунун Жаз көчөсүндө жайгашкан кампадан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

 

Өрттү өчүрүүгө ӨКМдан жалпы 7 өрт өчүрүүчү бөлүм, 1 суу ташуучу унаа, Штаб, ККББдан ыкчам топ тартылган. Өрт саат 08:08 чектөөгө алынып, учурда өрттү толук өчүрүү иш чаралары уланууда.

Кошумча маалымат берилет.