Токтогул суу сактагычында нымдуулуктун көлөмү 11,6 миллиард кубка жетти

Токтогул суу сактагычында нымдуулуктун көлөмү 11,6 миллиард кубка жетти. Июнь айынан тарта бул көрсөткүч дээрлик 1 миллиардка көбөйдү. Бул тууралуу “Электр тармактары” компаниясынан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, учурга карата суунун орточо келүүсү 820 кубометрден ашып жатса, чыгуусу эки эсе аз – 360 куб. Белгилеп кетсек, өлкөдө суунун аз келүү мезгили уланууда.

 

Андыктан, адистер электр энергиясын үнөмдүү колдонууга чакырып келет.