Бишкекте бир нече троллейбустун каттамдары убактылуу токтоду

Бишкекте бир нече троллейбустун каттамдары убактылуу токтоду. Мэрия маалыматына ылайык, Москва көчөсү менен Жаш Гвардия бульварынын кесилишинде троллейбустук линияларга бак кулап, анын кесепетинен №4,7, 8, 9, 10 маршруттук каттамдар убактылуу токтотулду.   Оңдоо иштери уланууда.

Жалпы республикалык тестирлөөнүн акыркы туру бүгүн башталат

Жалпы республикалык тестирлөөнүн акыркы туру бүгүн башталат. Бул тууралуу Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунан билдиришти. Маалыматка ылайык, тест 24-25-июнда Бишкек жана Ош шаарларында гана өтөт.   Белгилеп кетсек, кеч тестке Жалпы республикалык тестирлөөнүн негизги этабына жүйөлүү себептер менен катыша албай калгандар катталды.

Ысык-Көлгө алты өлкөнүн парламенттик делегациясы келди

үрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) кеңешинин отурумуна жана 11-пленардык жыйынына катышуу үчүн бүгүн алты өлкөнүн парламенттик делегациясы келди. Алардын арасында Түркиянын Улуу жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп, Өзбекстан Олий мажлисинин сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева бар. Аны менен катар эле Казакстан мажлисинин төрагасы Ерлан Кошанов жана… Кененирээк…