Ишкерлер үчүн бирдиктүү реестрде 160тай уруксат документи бар

Бүгүн, 24-июнда Бишкекте ишкерликке керектүү уруксат кагаздарынын бирдиктүү реестри ачылганы тууралуу маалымат берилди. Экономика жана коммерция министрлигинин бидиришинче, бул маалымат порталында учурда 160тай документ бар жана дагы кошумчаланып, толукталат. Реестр ишкерлерге жана инвесторлорго бизнес жүргүзүүдө талап кылынган бардык уруксат берүүчү документтер тууралуу маалыматты камтыйт жана… Кененирээк…

“Улуттук энегохолдинг” мамлекеттик компаниясынын башкармалыгынын төрагалыгына Нурлан Садыков дайындалды

“Улуттук энегохолдинг” мамлекеттик компаниясынын башкармалыгынын төрагалыгына Нурлан Садыков дайындалды. Ал буга чейин башчынын орун басары болуп эмгектенген.   Ал эми Садыковдун орун басары болуп Бектур Төрөкулов бекитилди. Компаниянын буга чейинки жетекчиси Таалайбек Байгазиев кызматынан бошотулду.

Кыргызстандык үч балбан жаштар арасында Азия чемпиону болду

Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионатында кыргызстандык балбандар үч алтын, төрт күмүш байгеге ээ болду. 23-июнда грек-рим күрөшүнөн жети салмакта байгелер ойнотулуп, таймаштар айлампа тартибинде өттү. Алтын медалды Адилхан Нурланбеков (72 кг), Акылбек Талантбеков (77 кг) жана Бексултан Назарбаев (82… Кененирээк…

Ордо калаанын Келечек конушунда жаңы бала бакча пайда болот

Ордо калаанын Келечек конушунда жаңы бала бакча пайда болот. Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка ылайык, тендерди Бишкектин капиталдык курулуш башкармалыгы жарыялады.   Бала бакчанын курулушуна   57 миллион 305 миң сом багытталат. Мектепке чейинки билим берүү мекемеси  100 бөбөккө эсептелет.

Бишкекте ишкерликке керектүү уруксат документтеринин бирдиктүү реестри түзүлдү

Бишкекте ишкерликке керектүү уруксат документтеринин бирдиктүү реестри түзүлдү.   Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Ведомство маалыматына ылайык, реестр ишкерлер жана инвесторлорго бизнес жүргүзүүдө талап кылынган бардык уруксат берүүчү документтер тууралуу маалыматты камтып, убакытты кыскартуу, ыкчам маалымат алуу максатында түзүлдү.

Республика аймактарында табият кырсыктары көп катталууда

Республика аймактарында табият кырсыктары көп катталууда. Таласта кечээ дагы сел жүрдү. Нөшөрлөп жааган жаандан кийин сел жүрүп, Көпүрө-Базар айылынын үйлөрүн суу каптады.   Жабыркагандар жок, — дешти Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен. Ал эми өлкөнүн түштүгүндө – Баткен облусунда селдин кесепеттерин жоюу иштери уланууда. Агынды суу каптаган… Кененирээк…

Атактуу “Титаник” тасмасынын жаңы версиясы көрсөтүлөт

Атактуу “Титаник” тасмасынын жаңы версиясы көрсөтүлөт. Муну менен канадалык режиссер Джеймс Кэмерон кино чыкканына 25 жыл толгонун белгилөө ниетинде. Жаңыланган версия кинотеатрларда 3D 4K жана HDR форматтарында көрсөтүлөт.   Жакшыртылган вариант көрүүчүлөргө 2023-жылы Махабат күнүнө карата тартууланат. Легендарлуу тасма 1997-жылы чыгарылган.   “Титаник” 11 Оскар… Кененирээк…

Бүтүрүү кечелерин өткөрүүгө киргизилген тыюу биринчи кезекте бүтүрүүчүлөрдүн коопсуздугуна байланыштуу

Бүтүрүү кечелерин өткөрүүгө киргизилген тыюу биринчи кезекте бүтүрүүчүлөрдүн коопсуздугуна байланыштуу. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти. Дагы бир себеби – ата-энелердин чыгымдарын азайтуу.   Эске салсак, 7-июлда өлкө мектептеринде аттестат тапшыруу аземи өтөт. Ал эми   9-классты аяктап жаткандарга документ 5-июлда берилет. Линейка эртең мененки саат… Кененирээк…

Кумтөр алтын кенине экскурсиялар уюштурулат

Кумтөр алтын кенине экскурсиялар уюштурулат.   Бул тууралуу Туризмди колдоо фондунун башчысы Елена Калашникова билдирди. Анын айтымында, фонд “Улуу көчмөндөр мурасы” Улуттук холдинги менен келишим түзөт.   Ага ылайык, ар бир каалоочу экскурсияга жазылып, кенди өз көзү менен көрүп чыга алат. Бул өндүрүш туризмине кирет,… Кененирээк…

Дүйнөдө жашоого эң ыңгайлуу шаарлар аталды

Дүйнөдө жашоого эң ыңгайлуу шаарлар аталды. Англиялык экономикалык басылманын рейтингине ылайык, биринчи орунда Австриянын борбору Вена жайгашат. Ал коопсуздугу, инфраструктурасы, саламаттыкты сактоо тармагы жана маданияты менен алдыга чыкты.   Тизмеде Франкфрут, Париж, Лондон, Милан бар. Ал эми жашоого ыңгайсыз шаарлардын тизмесине Сириядагы Дамаск, Нигериядагы Лагос,… Кененирээк…