Жалпы республикалык тестирлөөнүн акыркы туру бүгүн башталат. Бул тууралуу Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунан билдиришти. Маалыматка ылайык, тест 24-25-июнда Бишкек жана Ош шаарларында гана өтөт.
Белгилеп кетсек, кеч тестке Жалпы республикалык тестирлөөнүн негизги этабына жүйөлүү себептер менен катыша албай калгандар катталды.