Кыргызстандагы айылдарды колдоо үчүн Швейцария 2.2 млн доллар бөлөт

Кыргызстандагы айылдарды колдоо үчүн Швейцария 2 миллион 200 миң доллар бөлөт. Анын алкагында Ош, Баткен жана Нарын облустарында 50 миңге жакын аялуу үй чарбаларына колдоо көрсөтүлөт. Ошондой эле кургакчылык, сел, суу ташкындары сыяктуу табигый кырсыктардын кесепеттери менен каршы күрөшүү үчүн жергиликтүү бийлик органдарына жана мекемелерге … Кененирээк…

Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу Торугарт — Макмал — Жалал-Абад аркылуу курулушу мүмкүн

Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу Торугарт — Макмал — Жалал-Абад аркылуу курулушу мүмкүн. Унаа жана жолдор министри Эркинбек Осоевдин айтымында, долбоордун тиешелүү техникалык-экономикалык негиздемеси ушул жылдын декабрь айына чейин иштелип чыгат. Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жол линиясы үч өлкөнүн темир жолдорун,… Кененирээк…

“Чыгыш электрдин” жетекчилиги 20,4 млн сомду мыйзамсыз сарптаган

“Чыгыш электрдин” жетекчилиги 20 млн сомдон ашуун каражатты мыйзамсыз сарптагандыгы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө ишкананын кызматкерлеринин эмгек маяналары жогору ѳлчѳмдѳ жана коомдун кѳрсѳткүчтѳрү чыгашалуу болгондугуна карабастан, кызматкерлерге эмгек маянадан тышкары ай сайын сый акы тѳлѳмдѳрү жүргүзүлүп, 2021-жылына карата бекитилген… Кененирээк…

Таласта Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкармалыгынын жаңы имараты ачылды

Бүгүн, 28-июнда Талас облусунда Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкармалыгынын жаңы имаратын ачылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти. Имарат Япония өкмөтүнүн колдоосу менен БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын «Кыргызстанда баңгизаттарды көзөмөлдөөгө колдоо көрсөтүү» долбоорунун алкагында курулду.

Кыргызстандын Бельгиядагы элчиси кызматтан бошотулду

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Муктар Жумалиев Кыргыз Республикасынын Бельгия Королдугундагы, Нидерланддар Королдугундагы, Люксембург Улуу Герцогдугундагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси жана Кыргыз Республикасынын Европа Бирлигиндеги, Химиялык куралга тыюу салуу боюнча уюмундагы (ХКТУ), Түндүк Атлантика келишим уюмундагы (НАТО) Туруктуу өкүлү кызматынан бошотулду.

Бүгүн жана эртең Бишкекте ушул айдагы эң аптаптуу аба ырайы күтүлөт

Бүгүн жана эртең Бишкекте ушул айдагы эң аптаптуу аба ырайы күтүлөт. Синоптиктердин маалыматы боюнча, 29-30-июнда термометрлер күндүз 38 градустан төмөн түшпөйт, түнкүсүн 23…25 градуска чейин ысыйт. Белгилеп кетсек, көп жылдык байкоолор боюнча Бишкекте июнь айынын эң ысык күнү 2005-жылдын 23үндө болгон. Анда абанын табы дээрлик… Кененирээк…

Кыргызстанда мамлекеттик нотариустар жоюлушу мүмкүн

Кыргызстанда мамлекеттик нотариустар жоюлушу мүмкүн. Бул тууралуу Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков парламентте билдирди. Анын айтымында, дүйнөлүк практикада мамлекеттик жана жеке нотариус деп бөлүү жок. «Нотариустар 23 иш-аракет жасоого укуктуу, бирок алардын ичинен жеке нотариустар 18ин аткара алышат, башкача айтканда, бешөө мамлекеттик нотариустардын компетенциясында.… Кененирээк…

Жылдык жүгүртүүсү 8 млн сомдон ашпаган бизнес биротоло салыктан бошотулат

Жылдык кирешеси 8 миллион сомго чейин болгон жана көзөмөл-кассалык аппараттарды милдеттүү түрдө колдонуу боюнча талаптарды аткарган субъектилерди салыктан мөөнөтсүз бошотууну караган мыйзам долбоору демилгеленди. Бул тууралуу Экономика жана соода министрлигинен билдиришти. Белгилеп кетсек, мындай норма буга чейин эле болгон. Бирок “Чакан бизнести колдоо, ыңгайлуу салык… Кененирээк…

Октябрь окуясы боюнча Атамбаев баштаган бир катар саясатчылар акталды

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаев октябрь окуялары боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында акталды. Ошондой эле кылмыштын курамы жок болгондуктан сот Атамбаевдин тарапташтары Фарид Ниязов, Курсан Асанов, Канат Сагынбаев, Темирлан Султанбеков жана Жеңиш Молдокматовду актады. Алмазбек Атамбаев менен Фарид Ниязов… Кененирээк…