Талайбек Конкобаев Жалал-Абад облусуна караштуу Кара-Көл шаарынын мэри болуп дайындалды

Талайбек Конкобаев Жалал-Абад облусуна караштуу Кара-Көл шаарынын мэри болуп дайындалды.   Тиешелүү буйрукка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду. Калаанын мурдагы жетекчиси Алмазбек Балташов президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн сунушу менен ээлеген кызматынан бошотулду.

Майлуу-Суу лампа заводу кайра өкмөттүн колуна өттү

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров парламентте билдирди. «Токтоп турган ишканаларды сатып жибербей, ишке киргизүү саясатына өттүк. Бир мисал: Майлуу-Суу лампа заводун кыргыз мамлекети өзүнө кайтарып алды. Азыр мамлекеттик ишкана болуп калды. Бул завод – шаар түзүүчү (градообразующий) ишкана болот. Модернизацияга 1 млрд. сом… Кененирээк…

Илон Масктын Tesla компаниясынын бир кеңсеси жабылды

Америкалык миллиардер Илон Маск негиздеген Tesla компаниясынын Калифорниядагы кеңсеси жабылат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты. Маалыматка караганда, мындай чечим компаниянын чыгашаларын азайтуу максатында кабыл алынган. Ага ылайык, 200 кызматкер ээлеген ордунан бошотулат. Ал эми калган кызматкерлер компаниянын башка кеңселерине бөлүштүрүлөт.   Эске салсак, буга чейин ишкер… Кененирээк…

1-июлдан тарта Ош шаарындагы коомдук тамактануу жайлары текшерилет

1-июлдан тарта Ош шаарындагы коомдук тамактануу жайлары текшерилет. Түштүк калаа мэриясынын маалыматына ылайык, рейд боюнча укук коргоо органдарына, санэпидем көзөмөл кызматына тиешелүү тапшырмалар берилди.   Бузуулар аныкталса, мыйзам чегинде чара көрүлөт, — дешти муниципалитеттен.

Стилисттер жай үчүн идеалдуу кийимди аташты

Стилисттер жай үчүн идеалдуу кийимди аташты. Ал – лен кездемесинен тигилген көйнөк жана шорты.   Адистердин айтымында, мындай айкалыш бир эле учурда саркеч болууга жана аптаптуу ысыктан сактанууга жардам берет. Бул образды сандали жана себет-баштык менен толуктап койсо болот.   Лен көйнөк-шорты шаардагы сейилдөөлөргө дагы,… Кененирээк…

Тоң районунда 3 эм ымыркай жарык дүйнөгө келди

Ысык-Көл облусунун Тоң районунда үч эм ымыркай жарык дүйнөгө келди.   Маалыматка ылайык, үч эм кечээ, 28-июнда Тоң районунда жарык дүйнөгө келген, алардын экөө уул, бирөө кыз. Үч эмдин апасы Кара-Талаа айылынын тургуну 36 жаштагы Айбарчын Бегалиева. Наристелер 1 килограмм 920 граммга чейинки салмакта төрөлгөн.… Кененирээк…

ПСЖ жетекчилиги бразилиялык Неймар менен коштошуу ниетинде

ПСЖ жетекчилиги бразилиялык Неймар менен коштошуу ниетинде. Клубдун өкүлдөрү футболчунун атасы жана расмий өкүлү менен байланышка чыгып, пландары тууралуу маалымдашты.   Мындай чечим Килиан Мбаппе менен жаңы келишимге кол коюлганына байланыштуу кабыл алынды. Абалды Неймардын машыгууларга шалаакы мамилеси дагы курчутууда.   Эске салсак, Неймар ПСЖга… Кененирээк…

Бишкектеги райондордун аталыштарын өзгөртүү сунушталды

Бишкек шаардык кеңешинин 29-июндагы жыйынында депутат Таалайбек Усубалиев калаанын төрт районунун аттарын өзгөртүүнү сунуштады. Эл өкүлү райондун азыркы аттары моралдык жактан эскирип, тарыхый миссиясын аткарды деп эсептейт. Усубалиев улуттук идеологияны жайылтуу үчүн кыргызча аттарды ыйгаруу керек экенин айтты.   Депутат Свердловду – Чыңгыз Айтматов же… Кененирээк…

Белгороддо чыдамкай жалкоолордун сынагы өттү

Белгороддо чыдамкай жалкоолордун сынагы өттү. Жергиликтүү эмерек салондорунун бири 100 саатка созулган сынак уюштуруп, алардын диванында эң көпкө отура алган адамды аныктады.   Финалга чейин 2 эркек жетти, алар 4 сутка бою дааратканага дагы турбастан диванда отурушкан. Андан кийин алардын ден-соолугуна чоочулаган уюштуруучулар сынакты токтотуп,… Кененирээк…

Бишкекке Түркиянын Даламан шаарынан алгачкы чартердик каттам ачылды

Бишкекке Түркиянын Даламан шаарынан алгачкы чартердик каттам ачылды. “Манас” эл аралык аэропортунан билдиришкендей, Даламан – Бишкек – Даламан каттамы жумасына бир ирет, шаршемби күндөрү аткарылат.   Биринчи рейс менен Бишкекке 63 адам учуп келсе, кайра Даламанга 178 жүргүнчү бет алды.