Бүгүн жана эртең Бишкекте ушул айдагы эң аптаптуу аба ырайы күтүлөт.
Синоптиктердин маалыматы боюнча, 29-30-июнда термометрлер күндүз 38 градустан төмөн түшпөйт, түнкүсүн 23…25 градуска чейин ысыйт.
Белгилеп кетсек, көп жылдык байкоолор боюнча Бишкекте июнь айынын эң ысык күнү 2005-жылдын 23үндө болгон.
Анда абанын табы дээрлик 41 градуска чейин көтөрүлгөн.