Жалпы республикалык тестирлөөнүн үчүнчү этабынын жыйынтыгы 4-июлда белгилүү болот

Жалпы республикалык тестирлөөнүн үчүнчү этабынын жыйынтыгы 4-июлда белгилүү болот.   Бул тууралуу Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынара Батракеева билдирди. Анын айтымында, кеч тест Бишкек жана Ош шаарларында, 24-25-июнда өттү.   Ага негизги тестирлөөгө катыша албай калган 1 миң 31 адам катышты. Эске… Кененирээк…

Кыргызстан аймактарындагы аэропорттор калыбына келтирилет

Кыргызстан аймактарындагы аэропорттор калыбына келтирилет.   Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, “Баткен” аэропортунда учуп-конуу тилкеси жана перрон жаңыртылат. Калыбына келтирүү иштери ошондой эле “Каракол” аэробекетинде пландалды.   Андан тышкары, Ош аба майданында жүк терминалын куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү суроосу каралып, Нарын аэропортунун… Кененирээк…

Кыргызстанда быйыл сугат көйгөйү болбойт

Кыргызстанда быйыл сугат көйгөйү болбойт. Айыл чарба министрлигинин Суу ресурстары кызматынын директору Алмаз Сокеев ишендиргендей, сугат суу берүүгө даярдык иштери өткөн жылдын ноябрь айында эле башталып, быйыл майда аяктады. Ал кошумчалагандай, өлкөнүн суу каналдары негизинен 90-жылдары курулган жана эски. Бирок жылына оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт. Маселен, быйыл… Кененирээк…

Курман айтка байланыштуу кыргызстандыктар 11-июлда эс алышат

Курман айтка байланыштуу кыргызстандыктар 11-июлда эс алышат. Бул тууралуу Novosti.kgге Эмгек министрлигинин басма сөз кызматынан ырасташты. Буга чейин муфтияттан билдиришкендей, быйыл Курман айт 9чу же 10чу июлга туш келет. Календарда ал күнү расмий дем алыш болгондуктан, майрамдык эс алуу дүйшөмбүгө жылдырылат.

Бишкекте велосипед жана самокаттарды ижарага берген 80 пункт ачылат

Бишкекте велосипед жана самокаттарды ижарага берген 80 пункт ачылат. Шаардык мэриядан такташкандай, долбоор июль айынын башында ишке кирет. Белгиленгендей, транспорт каражаттарын ижарага мобилдик тиркеме аркылуу алууга болот. Долбоор ордо калаадагы жол тыгындарын азайтуу, ошондой эле сергек жашоо образын жайылтууга багытталат.

Бүгүн ордо калаада эң ысык аба ырайы болот

Бүгүн ордо калаада эң ысык аба ырайы болот. Синоптиктердин айтымында, күндүз күн 39 градуска чейин ысыйт. 1-июлдан тарта абанын табы бир-эки градуска гана төмөндөйт. Шамалдын жоктугуна байланыштуу дем жетпеши күтүлөт. Мындан улам, өтө сак болуу сунушталат. Бул күндөрдө мүмкүн болушунча түз тийген күндүн нурунан коргонуу,… Кененирээк…

Кыргызстандыктардын 35 пайызы жумушта телефонго алаксыйт

Кыргызстандыктардын 35 пайызы жумушта телефонго алаксыйт. Бул тууралуу жергиликтүү онлайн-платформанын сурамжылоосунда белгилүү болду. Ага 300дөй респондент катышып, анын 35 пайызы жумуш учурунда мессенджерлерге жана социалдык тармактарга алаксып кетерин моюнга алган. Алардын ичинен 20 пайыз адам ар бир беш мүнөт сайын телефонун текшерет, 21 пайызы ар… Кененирээк…

Ноокатта вирусологиялык лаборатория ачылды

Ноокатта вирусологиялык лаборатория ачылды. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, лаборатория Ислам өнүктүрүү банкынын “COVID-19 учурунда чукул жардам” долбоорунун алкагында курулду. Белгиленгендей, медициналык мекеме ILAB маалымат системасына туташтырылган. Кошумчаласак, республика боюнча жалпысынан 10 жаңы ПЦР лаборатория куруу пландаштырылууда. Учурда алардын алтоо иштеп жатат.

Жалал-Абадда аз камсыз 200 бала акысыз эс алат

Жалал-Абадда аз камсыз 200 бала акысыз эс алат. Шаардык мэриядан белгилешкендей, алар негизинен ата-энесинен ажыраган, июнь окуясында жабыркаган, чернобыль кырсыгын жоюуга катышкан үй-бүлөлөрдүн балдары. Балдар Сузак районундагы Жалал-Абад шаардык мэриясына караган «Алтын балалык» лагерине жөнөтүлдү.

Бишкектеги №40 мектептин жаңы корпусунун курулушу 40 пайызга аяктады

Бишкектеги №40 мектептин жаңы корпусунун курулушу 40 пайызга аяктады. Мэриядан маалым болгондой, үч кабаттуу имарат 500 окуучуга чакталган. Анда футбол, волейбол, баскетбол, воркаут үчүн спорт аянтчасы каралган. Учурда сырткы газ менен жабдуу, рамаларды орнотуу, ошондой эле көрктөндүрүү боюнча жер иштери башталды.