Таласта Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкармалыгынын жаңы имараты ачылды

Бүгүн, 28-июнда Талас облусунда Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкармалыгынын жаңы имаратын ачылды.

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Имарат Япония өкмөтүнүн колдоосу менен БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын «Кыргызстанда баңгизаттарды көзөмөлдөөгө колдоо көрсөтүү» долбоорунун алкагында курулду.